Биз менен байланышыңыз

Бишкекте башаламандыкта талкаланган камералардын чыгымын “Вега” каржылайт

Кыска кабар | 17 Авг 2019 | 582 | 0

Бишкектеги башаламандык учурунда талкаланган “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары бир айдын ичинде калыбына келтирилет.

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди. “Вега” радиокуруу концерни заводдорго буюртмаларды берди. Аларды чыгарылып, Кыргызстанга жеткирилгенге чейин бир канча убакыт талап кылынат. Алынып келинген соң аларды орнотуп, тесттик текшерүүдөн өткөрүп, анан пайдаланууга берет.

Бул иштерди жүзөгө ашырууга бир айга жакын убакыт кетет.

Бишкектеги башаламандык учурунда “Вега” радиокуруу концернине 4 миллион сомдук чыгым келтирилген. Анын ичинде 34 видеобайкоо камерасы талкаланган.

“Коопсуз шаар” долбоорундагы келишимге ылайык долбоорду ишке ашыруучу тарап кыска убакыттын ичинде жарактан чыккан аппараттык комплекстерди ордуна коюга милдеттендирилген.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети чыгымды төлөбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM