Биз менен байланышыңыз

Гаагада карантиндик чектөөлөргө каршы акциялар башаламандыкка айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 673 | 0

Гаага шаарында жүздөгөн демонстранттар мэрия тыюу салган каршылык акциясына чыгып, полиция кызматкерлери менен атайылап кармашуу аракеттерин көрүшкөн.

Гаагада коронавирустун жугушун чектөөчү чаралардан улам башаламандыктар болуп өттү. Жекшемби күнү полиция суу атуучу куралды колдонуп, башаламандык уюштургандарды кууп таратты. Андан сырткары, атчан полиция кызматкерлери да каршылыкка чыккандарды аттар менен омуроолотуп аянттан сүрүп чыгаруунун аракетин көрүшкөн.

Полициянын айтымында, жүздөгөн адамдар тартип сакчыларын атайы провакация кылып, күч колдонууга мажбур кылышкан. “Булардын кадимки демонстрацияга эч кандай тиешеси жок. Атайын чатак чыгаруу максатында уюшулган топ”, — деп белгиледи шаардык полициянын өкүлү. Башаламандыкты уюштуруп, полицияга таш ыргыткан 5 адам кармалган.

Гаага шаарынын мэри Йохан Ремкес коопсуздук максатында «Virus Waanzin» аттуу карантинге каршы топко акция өткөрүүгө тыюу салган. Бирок буга карабай, жүздөгөн демонстранттар жана алардын катарын толуктаган ачууланган футбол фанаттарынын тобу шаардын борбордук вокзалынын жанына чогулушкан. Ушундан соң, шаар мэри аларга кыска мөөнөттөгү акция өткөрүүгө уруксат берген. Абал курчуп, каршылыкка чыккандар шаардын борборун көздөй багыт алышканда полиция кызматкерлери алардын аракетин токтотуу үчүн атайын чараларды көрүшкөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM