Биз менен байланышыңыз

Австралиялык журнал ЛГБТ жаңжалынан кийин жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 735 | 0

Австралиядагы популярдуу үйлөнүү-үлпөт журналы “White” тек жыныстуу бүлөнү журналга чыгаруудан баш тартканы үчүн айрым кардарларынын арызынын негизинде жабылды.

Журналдын негиздөөчүлөрү Люк жана Карла Баррелдер өздөрүнүн бул кадамын төмөнкүчө түшүндүрүштү:

“Биздин журнал светтик эле басылма. Бирок басымдуу окурмандарыбыз сыяктуу биз да христиандарбыз. Өз диний ишенимибизге ылайык иш кылууга укугубуз бар. Бирок айрым кардарларыбыз тек жыныстуу бүлөнү чыгаруудан баш тартканыбызга байланыштуу бизге интернет, социалдык желе аркылуу чабуул жасашып, биз журналга чыгарган үй-бүлөлөрдү шылдыңдаганга чейин барышты. Коомдо бөлүнүп-жарылууга себеп болууну каалабайбыз, ошол себептен тынч жол менен жабылууну көздөдүк”.

Бул чуу австралиялык социалдык желелер аркылуу бат эле тарап, коомчулуктун түрдүү пикирлерине дуушар болду. Кээ бир жарандар журналдын баарына тегиз мамиле кылбаганын сындаса, башкалары басылманын сөз эркиндиги тебеленгенин айтып, өлкө ЛГБТнын айынан башаламандыкка кептелгенин айтып нааразы болууда.

Эске салсак, Австралия өткөн жылы тек жыныстуу никени мыйзамдаштырган. Бирок башка диндердей эле христиан дини мындай мамилеге кескин тыюу салган үчүн австралиялыктар эки анжы пикирде калууда. Анткен менен адистер эркек-аялдан куралган толук кандуу үй-бүлө саны азайганы төрөлүүнүн санына таасир тийгизип, өлкөдө 2000-жылдан 2018-жылга чейин демографиялык кризис байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM