Биз менен байланышыңыз

Гонконгдогу кыргызстандык студенттер мекенине кайтып жатышат

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 1975 | 0

Гонконгдогу толкундоолорго байланыштуу ал жакта билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер мекенине кайтып жатышат. Буга Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы консулдугу көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти бидирди.

Учурда аймактагы 42 студенттин үчөө учуп кетишкен. Калганы жакынкы авиакаттамдар менен мекенине кайтууну пландап жатышат.

Кыргыз студенттери Элчилик жана генералдык консулдук менен үзгүлтүксүз байланышып турушат. Мындан сырткары, кытай тараптын көмөгү менен кыргызстандыктар коопсуз жайларга жайгаштырылган.

Элчилик студенттер үчүн кечиктирип төлөө шарттары менен авиа билеттерди алууну туристтик компаниялар менен макулдашкан.

Гонконгдо бир канча айдан бери элдик толкундоолор токтобой келет. Алар адегенде экстрадиция мыйзамына өзгөртүү киргизилишине нааразычылык билдирип чыгышкан.

Бийлик бул маселени жөнгө салганына карабастан, акциячылар башаламандыктарды улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM