Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын саны 9 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 423 | 0

Worldometer порталынын маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 9 миллиондон ашты.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 470 миңден ашат.

21-июнда Ал эми Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы суткада илдетке кабылгандардын күнүмдүк саны дүйнө боюнча рекорддук өсүшкө жеткенин билдирди.

Бир күндүн ичинде дүйнө жүзү боюнча оорунун 183 миңдей жаңы учурлары катталып, оорунун кесепетинен 4 миң 743 адам көз жумган.

Ооруга чалдыккандар Түндүк жана Түштүк Америкада эң жогорку чекке жеткен (116,000ден ашык).  Ошондой эле, 20-июнда АКШнын бир нече штаттарында вирустун тарашынын рекорддук өсүшү катталды.

Учурда АКШ коронавирустун учурлары боюнча 1-орунду (2.356 миллиондон ашык), Бразилия 2-орунду (1.086 миллиондон ашык) жана Орусия 3-орунду (584,000ден ашык) ээлейт.

Copyright © 2017 Maral FM