Биз менен байланышыңыз

Усенбаев: Коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги чоң

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 599 | 0

Коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги чоң. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө вирусту кайдан жуктурганы белгисиз болуп жаткан учурлар көп болуп жатат.

Учурда коомдук транспортко чектөө киргизүү маселеси турат. Бул өлкөдө вирусту кайдан жуктурганы белгисиз болуп жаткан учурлардын көптүгүнө байланыштуу. Ал эми, коомдук транспорттон вирусту жугузуп алуу тобокелдиги чоң. Биздин жарандар кабыл алынган чектөөлөргө түшүнүү менен карап, кайдыгерликке барбайт деп ишенем, — деди Усенбаев.

21-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 3151ге жетти. Алардын ичинен 2011 бейтап айыгып чыгып, 37 киши каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM