Биз менен байланышыңыз

Кытайда бир суткада вирустун жаңы 26 учуру аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 433 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустун 26 жаңы учуру аныкталды. Алардын алтоондо оорунун эч кандай симптомдору байкалган эмес, ошол эле учурда үч бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын өлкөнүн саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүнө таянып, эл аралык басылмалар жазды.

Жаңы 26 учурдун 25и жергиликтүү тургундарда болсо, бирөөсү сырттан келгендерден аныкталган. Кытайдагы жаңы инфекциялардын көпчүлүгү Пекиндеги дүң соода базарында байкалууда ал жерде да жаңы коронавирус инфекциясы пайда болгон.

Жалпысынан Кытайда эпидемия учурунда коронавирустук инфекциянын 83 миң 378 учуру аныкталган. Алардын ичинен 78 миң 413 адам айыгып, 4634 адам көз жумган. Учурда 308 адам COVID-19 оорусу менен ооруп, ооруканаларда даарыланууда.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM