Биз менен байланышыңыз

Портлендде Жорж Вашингтондун эстелиги кулатылып, АКШ желеги өрттөлгөн

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 543 | 0

Портлендде Black Lives Matter кыймылынын каршылык акцияларынын учурунда АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтондун эстелиги кулатылып, маскараланган. Кулаган эстеликке ыплас сөздөрдү жазышып, Жорж Вашингтондун башына АКШ желегин ороп туруп өрттөп жиберишкен.

Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШнын Орегон штатынын Портленд деп аталган ири шаарында АКШнын алгачкы президенти Жорж Вашингтондун эстелигин афроамерикалыктар кулатышкан.

Айкелдин башына америка желегин ороп туруп өрттөгөндөн кийин атайын тартылган аркан менен айкелди постаментинен тартып, жерге кулатышкан. Айкел жерге кулап түшкөндө буга кошумча дагы бир америкалык желекти үстүнө коюп туруп, өрт коюп жиберишкен. Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери болгондугу да айтылат. Бул окуяны жеринде көргөндөр социалдык тармактарга видеолорду жана фотосүрөттөрдү жүктөп жарыялашкан. Бул сүрөттөрдө көптөгөн жазуулардын арасында «колонизатор жана киши өлтүргүч» деген жазуу бөтөнчө айырмаланып турат.

Окуя Герман-америкалык коомунун жанында болуп, ага 30дан 40ка чейинки кишилердин катышканы айтылууда. Бул тууралуу портленддик KATU каналы да өз кезегинде билдирүү жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM