Биз менен байланышыңыз

Калдарбек Абдраманов: Коронавирус кайдыгерликтен улам көбөйүп жатат

Пикирлер | 20 Июн 2020 | 1426 | 0

Учурда эмне үчүн коронавирус менен ооругандар кайрадан көбөйүп жатат? Мындай суроо менен биз түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун негиздөөчүсү, жетекчиси, республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдрамановго кайрылдык:

Биринчиден, Кыргызстан карантиндик режимди эртерээк токтотуп койду. Себеби, туура эмес эле маалыматтын негизинде вирусту жуктургандар азайды деп жыйынтык чыгарган. Оорулуулардын так санын аныкташ үчүн баарын тесттен өткөрүш керек. Кыргызстанда болсо, болгону тесттен өткөн адамдардын саны гана алынып, ооругандардан айыккандардын саны азайса: «стабилдештик», «пикке жеттик» деп туура эмес стратегиялык чечим кабыл алынган. Канча адамдын ооруп жаткандыгы боюнча диагностиканы так билмейинче эч кандай жыйынтык чыгарбаш керек.

Акыркы убакта тест тапшырган адамдардын саны көбөйүп, алардын көбүндө коронавирустун бар экендиги аныкталып жатат. Мурун билинбей жүргөндөрдөн азыр чыгып атышы мүмкүн. Бул үчүн сарсанаага батып, карантин киргизиштин деле кереги жок экендигин, түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун негиздөөчүсү, жетекчиси, республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдраманов өз оюн билдирди.

Анын айтымында, бул табигий процесс болуп, эми анын көбөйүшү күтүлүүдө. Ошого жараша оорусу аныкталгандарды дарылап, жеткиликтүү деңгээлде вирус менен күрөшүүгө даяр болушу керек.

— Вирустун өлкөдө таркап кетүүсүнүн алдын алган жокпуз. Адамдар бир облустан экинчи облуска ээн-эркин эле кирип, кадимки эле кенебестиктин айынан 200дөн 500гө чейинки кишилерди чогултуп той-аш өткөрүп жатышат. Болуп жаткан окуялардан бир жыйынтык чыгарбай эле коронавирус жок дегендей эле мамиле кылышууда. Коронавирус бар, анын алдын алыш керек экендигине элди ишендириш керек болуп жатат. Эл дагы деле кенебей жатат. Карантин киргизүүгө тенденция бар болсо, албетте, киргизиш керек. Эгерде муну колдон чыгарып жиберсек, медициналык коллапс болуп, ошондо даана уятка калабыз, — деди Абдраманов.

Мындан сырткары, ал азыркы абалдын жаралышына элдин караңгылыгы да себеп болуп жатканын айтып, эч муктаждыгы жок базар айланып «жөн эле бааларды билип коёюн дедим» дегендерди сынга алып, күчкө салып, мамлекет карантинге киргизгенде деле көп нерсе ар бир жарандын өзүнүн жүруш-турушуна байланыштуу экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM