Биз менен байланышыңыз

АКШ Ливияга аскер техникаларын жеткирүүгө шектелүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 266 | 0

Америка Кошмо Штаттары Ливияга өз кызыкчылыгы үчүн аскердик шаймандарды жеткирип жаткан болушу мүмкүн. Аскердик транспорттук учактар ​​АКШнын Германиядагы «Рамштайн» базасынан Триполи жана Мисурата шаарларына үзгүлтүксүз учууларды жүргүзүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын дипломатиялык булагына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Вашингтон муну Ливиядагы жаңжалдашкан тараптардын аскердик аракеттерин улантууга үндөө үчүн жасоодо.

Булак АКШ Ливиянын батыш тарабына жеткирип жаткан жүк аскердик мүнөзгө ээ деп шектелүүдө. Анын таратылышын Тунис менен чектеш жерде жайгашкан АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Афганистандагы атайын тобу (USAFRICOM) жүргүзүшү ыктымал.

17-июнда USAFRICOM фельдмаршал Халифа Хафтар башында турган Ливиянын улуттук армиясы тарабында Орусиянын «Вагнер» жеке жалданма аскер компаниясынын 2000 жоокери согушуп жаткандыгын маалымдады. Бул согушкерлер Триполиге 14 айга созулган бардык согуштук аракеттерине катышкан деп айыпталууда.

Ливиядагы жарандык согуш 2011-жылы башталган. Өлкөнү 1969-жылдан бери башкарып келе жаткан Муаммар Каддафи кулатылып өлтүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM