Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын 8 университети Өзбекстандын «кара тизмесине» кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 3464 | 0

Өзбекстанда Тажикстан менен Кыргызстанда окууга тапшыруу сунушталбаган университеттердин тизмесин жарыялады.

Өзбекстандын Билим берүүнүн сапатын контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан даярдалган «Коңшу өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатын аныктоо боюнча сунуштарда» айтылгандай, Кыргызстан менен Тажикстандын айрым жогорку окуу жайларындагы билим берүү сапаты Өзбекстандын эмгек рыногундагы талаптын деңгээлине дал келбейт.

Сунуш коңшу мамлекеттердин жогорку окуу жайларындагы билим берүү процесстеринин ар кандай булактардан анализдөөгө, ошондой эле тесттин жыйынтыктарына негизделген.

Мамлекеттик инспекциянын маалыматы боюнча, Тажикстандагы жана Кыргызстандын 16 университети Өзбекстандын эмгек базарына эч кандай тиешеси жок.

Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты төмөн ЖОЖдордун тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  1. Борбордук Азиянын эл аралык университети;
  2. Кыргыз-Өзбек университети;
  3. Эл аралык медициналык жогорку мектеп;
  4. Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институту;
  5. Ош гуманитардык-педагогикалык институту;
  6. Жалал-Абад мамлекеттик университети;
  7. Ош мамлекеттик юридикалык институту;
  8. Майлуу-Суу экономика жана башкаруу институту.

Жогорудагы тизмеге Тажикстандын 8 ЖОЖу кирген.

Ал эми Казакстандын жогорку окуу жайлары тизмеде көрсөтүлгөн эмес. Бирок аталган өлкөнүн айрым жогорку окуу жайлары жогорку рейтингге карабастан, өзбек жаштарын экзаменсиз кабыл алгандыгына байланыштуу алар аралыктан билим берип жатышат.

Билдирүүнүн аягында Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы өзбек студенттерине абройлуу билим рейтингинде жогорку орундарды ээлеген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында окууну сунуш кылды.

Copyright © 2017 Maral FM