Биз менен байланышыңыз

Казань шаарынан 182 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 493 | 0

“Манас” эл аралык аэропортунда 17-июнда “Авиатраффик Компани” авиакомпаниясынын Казань-Бишкек каттамы боюнча 182 жаран учуп келди. Бул бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча президент жана  өкмөт тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси социалдык тармактар жана студенттик группалар аркылуу аталган авиакаттам тууралуу маалыматты студенттердин арасында таратуу аркылуу түзүлгөн. Аталган авиакаттам менен Кыргызстанга жалпы 167 кыргызстандык студент жана 15 жаран, анын ичинде 2 жашка чейинки балдар кайтып келди.

Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

Студенттерди алып келүү маселеси боюнча түшүп жаткан кайрылуулар көп болуп жаткандыгын эске алып, ТИМ студенттерди чыгарып кетүү үчүн атайын ушундай каттамдарды уюштурууну ырааттуу түрдө уланта турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM