Биз менен байланышыңыз

Коронавирус массалык түрдө тараган 10 өлкө

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 320 | 0

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 8 млн 34 миӊ 461 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 436 миӊ 899 адам каза болду.

АКШ – 2 114 026 (каза тапкандар – 116 127);

Бразилия – 888 271 (каза тапкандар – 43 959);

Орусия – 536 484 (каза тапкандар – 7 081);

Индия – 343 091 (каза тапкандар – 9 900);

Улуу Британия – 298 315 (каза тапкандар – 41 821);

Испания – 244 109 (каза тапкандар – 27 136);

Италия – 237 290 (каза тапкандар – 34 371);

Перу – 232 992 (каза тапкандар – 6 860);

Франция – 194 305 (каза тапкандар – 29 439);

Иран – 189 876 (каза тапкандар – 8 950).

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус бардык мамлекеттер коронавирустун жаңы толкунунан сактанышы керектигин эскертти.

Кытайдын борбору Пекинде вирустун жаңы очогу пайда болгону айтылууда. 16-июндан тартып Кытай калк арасында тестирлөөнү көбөйтүп, борбор калаадагы бир нече районду карантинге жапты. Пекинде акыркы 50 күн катары менен вирус катталган эмес, учурда оорунун экинчи толкуну пайда болушу ыктымал деген кооптонуулар бар.

Ал арада 15-июндан тартып көптөгөн европалык өлкөлөр үч айлык карантинден кийин чек араларын ачып, коңшу мамлекеттерден туристтерди күтө баштады.

Кытайдан сырткары, карантинди токтотуп, абал курчуп кеткен соң, кайра режимди киргизген өлкөлөрдүн катарына Иран, Индия кирет. Индия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турса, Иранда да өлүмдүн саны күч алып, кайрадан абал оорлошуп турган учур.

Copyright © 2017 Maral FM