Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 8 миллионго чамалады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 426 | 0

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 млн 914 миң 886 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 3 млн 778 миң 83 адам айыкса, 433 миң 472 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда 2 млн 94 миң 69 киши, Бразилияда − 867 миң 624, Орусияда − 528 миң 267, Индияда − 332 миң 424, Улуу Британияда − 297 миң 342, Испанияда − 243 миң 928, Италияда − 236 миң 989, Перуда − 229 миң 736, Францияда − 194 миң 153, Германияда − 187 миң 518, Иранда 187 миң 427 адам жуктурган.

Ал эми Борбор Азия боюнча Казакстанда 14 миң 809, Кыргызстанда 2372, Өзбекстанда 5 миң 103, Тажикстанда 5 миң 35 киши корнавирус менен катталган.

Copyright © 2017 Maral FM