Биз менен байланышыңыз

Москвадан Кыргызстандын 437 жараны учуп келди

Кыска кабар | 14 Июн 2020 | 698 | 0

Бүгүн, 14-июнда, Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» каттамы боюнча рейс учуп келди. Бул каттам менен Россиядан Кыргызстандын 437 жараны, анын ичинде кичинекей балдар дагы учуп келди.

Бул каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Президент жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия жана Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.

Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна жана борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынан жана Россиядагы Кыргызстандын Элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү  жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM