Биз менен байланышыңыз

Беткап тагуу режими туруктуу сакталган өлкө

Блог , Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 893 | 0

Бишкекте мындан бир аз мурдараак өзгөчө абал учурундагы өзүн-өзү изоляциялоо режиминин ордуна өзүн-өзү сактоо режими киргизилген. Муну көпчүлүк бет кап тагынуу, кол каптарды кийүү деп эле түшүндү. Чынын айтканда, мындан элдин баары эле чарчады окшойт. Мен да буга толугу менен кошулам. Бирок беткапсыз жашоо мүмкүн эмес жерлер бар экенин да элестетип көрүңүз. Мындай шаарларда бет каптар өзүн-өзү коргоонун ыкмаларынын бири болуп саналат. Бирок мунун коркунучтуу вирустарга эч кандай тиешеси жок. Эмесе кеп башынан болсун!

Непал Азиядагы гана эмес, дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири экенин көпчүлүгүңөр билсеңер керек. Ошол эле учурда, ал жерде калктын жыштыгы да өтө жогору. Непалдын борбору Катмандуда 1 миллион адам жашайт. Рельефинин формасы жагынан бул шаар чоң чөйчөккө окшошот. Бул өз кезегинде шамалдын кыймылын чектөөгө жана атмосферада булгоочу заттардын кармап калуусуна өбөлгө түзөт. Билгиңер келсе, алардын саны эбегейсиз көп!

Акыркы жылдары Катманду шаарындагы абанын булганышынын деңгээли болжолдуу жана болжолдонуучу бардык босоголордон ашып түштү. Муну биз жөн эле айтпастан, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматтарына таянып жазып жатабыз. 2015-жылы өлкөдө болуп өткөн коркунучтуу жер титирөөдөн кийин шаарды калыбына келтирүү, жолдорду кеңейтүү долбоорлору ансыз да мышык ыйлаган абалда турган экологиянын булганышын ого бетер арттырды десек болот. Күнүгө миңдеген кыштарды куйган мештер шаарда үзгүлтүксүз түтүнүн бурулдатып иштеп турат. Ал эми шаар көчөлөрү унааларга жык толгон. Толугу менен кыйраган асфальттарды тазалоо учурунда аны коштогон чаң, ошондой эле унаалардан чыккан газ шаарда таза абанын дефицитин пайда кылат. Кыскасы, Катмандуда мелтиреген көк асманды көрүү өтө сейрек көрүнүш!

Мен 2017-жылы Непалга барганымда, ал абасы эң көп булганган өлкө деп табылыптыр. Өз кезегинде Индия да абанын кирдиги боюнча Непалдан кийинки орунда турат. Мындай жыйынтыкка изилдөөчүлөр спутниктерден алынган маалыматтарды талдоонун негизинде келишкен.

Абанын анализи көрсөткөндөй, Катманду абасынын курамында 2,5 мкм кичинекей катуу бөлүкчөлөр бар (PM2.5), аларды канцерогендер деп да атап коюшат. Диаметри 10 мкм болгон кичинекей же ага барабар бөлүкчөлөр бир адамдын чачынын туурасынан кичине болгондуктан, өпкөгө кирип кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ушундан улам, алар ден-соолукка олуттуу зыян келтириши толук ыктымал. Көп учурда адамдардын мындан жабыркаганы да жалган эмес. Катманду шаарынын тургундарында респиратордук оорулардын саны кескин көбөйүп жатканын турмуш көрсөтүп жатат. Күндүз көчөдө дем алуу дээрлик мүмкүн эмес экенин мен өз жон терим менен сезип кайттым.

Непалда абанын бөлүкчөлөрүнүн  булгануусу ушунчалык чегине жетип калгандыктан өлкө жарандарынын өмүрүн орточо төрт жылга чейин кыскартат.

Борбор калаанын дүкөндөрүндө эң популярдуу товарлар -бет каптар жана буфалар болуп эсептелет. Катмандуга беткапсыз баруу өзүн-өзү жайбаракат өлтүрүү дегенди түшүндүрөт. Беткапты 30 градустук ысыкта тагынып жүргөңүздү элестетип көрүңүз. Ал эми бул жерде абанын температурасы дээрлик бир жыл бою ушул нормадан төмөндөбөйт.

Андыктан, мегаполистин жашоочулары тынымсыз кандайдыр бир компромисс издеп, беткапты ээгине түшүрүп коюу үчүн ыңгайлуу жерлерди издешет.

Бирок анткен менен, непалдыктар туруктуу маскарад режимине көнүп калышкан. Беткаптарды кары дебей, жаш дебей текши тагынып жүрүшөт. Бизге окшоп, беткап боюнча мода куугандар да кездешет. Дин кызматкерлери башкача беткаптарды тагынса, тартип сакчыларыныкы таптакыр башкача болот. Мындайча айтканда, Катмандунун жашоочулары өздөрү каалагандай беткаптарды тагынышат.

Мен Катманду көчөлөрүндө бир жолу тагынып ыргытып жибере турган медициналык беткап тагынгандарды дээрлик жолуктурган жокмун. Себеби, тургундардын буга акчасы жетпейт экен.

Мындан эки жыл мурун Катмандунун студенттери бийликтин бузулуп жаткан экологияга чара көрбөгөндүгүнө нааразычылык билдирүү ниетин шаардагы көптөгөн айкелдерге беткап кийгизүү менен коштолгон.

Акцияга тургундар «Катманду» жана «чаңды» аралаштырган хэштегтер менен чыгышып, Твиттер социалдык тармагын колдонушкан. «Беткап» жана «Катманду.» Алардын айтымында, Катмандудагы кудайлар да беткап тагынып башташкан.

Кыргызстанга беткап режими бүтө турган күн келер, асти мындай күн Непалга келбейт го. Себеби, бул өлкөдө беткап тагынуу эч эле болбоду дегенде өмүрдү бир аз да болсо да узартуу дегенди билдирет.

Урматтуу окурман, ал эми сиз беткап режимине кандай карайсыз? Аны көчөдө же дүкөндө эле кийүү керекпи? Же болбосо, ушул адатты калыптандаруудан таптакыр кутула тажап, кыжырыңыз келе баштадыбы?

Автор: Алексей Мароховец

Copyright © 2017 Maral FM