Connect with us

Дагы 37 адамдан вирус чыгып, алардын 14үнүн булагы белгисиз

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 685 | 0

12-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун дагы 37 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Акыркы сутка ичинде 2866 анализге изилдөө жүргүзүлүп, алардын ичинен 37 жаранда COVID-19 вирусу тастыкталды. Ошентип, коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2166га жетти.

Бүгүн катталган 37 жаранда COVID-19 вирусу тастыкталды. Анын 3 учуру чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган. Калган 20 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан табылса, 14 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда,- деди Үсөнбаев.

Жаңы катталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаары– 19;
Чүй облусу — 13;
Ош шаары – 1;
Ош облусу — 2;
Баткен облусу — 2.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 38 бейтап сакайып, үйгө чыгарылды. Республика боюнча жалпы 1668 бейтап айыгып чыкты.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 9 миң 272. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 693 адам жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Бишкек шаарында– 4, Чүй облусунда – 2 учур. Ошол эле учурда стационарлардан 9 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 425 учур катталды, алардын ичинен 321 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

12-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 472 адам стационарда дарыланууда, алардын ичинен бирөө реанимацияда. Кыргызстанда аталган вирус пайда болгондон бери жалпы 26 жаран каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM