Акыркы суткада Кытайда коронавирус инфекциясы менен ооруган 3 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети 10-июнда билдирди.
Ошондой эле, акыркы суткада 5 вирустун асимптоматикалык алып жүрүүчүсү аныкталды.
Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 83,046 коронавирус учуру катталып, 78,357 бейтап айыгып, 4634 адам көз жумган. 55 бейтап медициналык көзөмөлдө турат.