Биз менен байланышыңыз

Гебрейесус: Дүйнөдө коронавируска байланыштуу кырдаал начарлоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 350 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 6,931 миллион кишиден ашса, 400 миңден ашуун адам аталган вирустан каза болгон. Ал эми Жон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, 8-июнда дүйнөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 7 миллион 121 миң кишиден ашып, 406 миң 500дөн ашык адам көз жумган.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. АКШда 1 млн 961 миңден ашык адам илдетти жуктурган. Экинчи орунда Бразилия (707 миң), үчүнчү орунда Орусия (476 миң), төртүнчү орунда Улуу Британия (288,8 миң), Индияда 266 миңден ашык адам инфекция жуктуруп, бешинчи орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы дүйнөдө коронавируска байланыштуу кырдаал начарлап баратканын айтты. Тедрос Гебрейесустун айтымында, Европадагы кырдаалдын жакшырышына карабастан, пандемия дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө көбүрөөк адамдарга таасирин тийгизүүдө жана COVID-19 өлүмүнөн каза болгондордун саны дагы өсүүдө.

Коронавирустук пандемиядан кийин Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусу катталган. Учурда вирусту 12 киши жуктурганы тастыкталган.

Коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы он өлкө:

АКШ – 1 961 185 (каза тапкандар – 111 007);

Бразилия – 707 412 (каза тапкандар – 37 134);

Россия – 476 043 (каза тапкандар – 5 963);

Улуу Британия – 288 834 (каза тапкандар – 40 680);

Индия – 266 598 (каза тапкандар – 7 473);

Испания – 241 717 (каза тапкандар – 27 136);

Италия – 235 278 (каза тапкандар – 33 964);

Перу – 199 696 (каза тапкандар – 5 571);

Франция – 191 313 (каза тапкандар – 29 212).

Copyright © 2017 Maral FM