Биз менен байланышыңыз

Массалык үй-бүлөлүк иш-чаралардан инфекция жуктургандар көбөйдү

Кыска кабар | 7 Июн 2020 | 741 | 0

Массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын  жуктургандар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда, — деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаада эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканы сынга алынды.

— Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы көбүнчө эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат, — деди Боронов.

Республикалык штаб «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Тармактык мамлекеттик органдарга текшерүү алгоритмин иштеп чыгуу жана башка маселелер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Кыргызстанга иштөө максатында чет өлкөлүк адистердин (анын ичинде ЕАЭБ жарандарынын) келүү маселеси каралды.

Copyright © 2017 Maral FM