Биз менен байланышыңыз

Үй карантининдегилердин телефондоруна көзөмөлдөөчү мобилдик тиркеме жүктөлөт

Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 433 | 0

Үй карантининдегилерди көзөмөлдөө үчүн алардын бардыгынын уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлүшү керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр карантиндик эрежелерди эске алуу менен туристтик сезонго даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

— Туристтик сезонго дыкат даярдык көрүү керек. Даярдык иштери вирустун жайылышын алдын алуу чаралары менен коштолууга тийиш. Бул багыттагы иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгышы зарыл, — деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле кийинки жумадан баштап иштей турган диний мекемелер – мечит, чиркөө жана намазканаларда санитардык нормаларды жана адамдар ортосундагы аралыкты сактоону камсыз кылуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте тийиштүү эпидемиологиялык талаптарды аткаруу тартибин иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Кубатбек Боронов жергиликтүү бийлик органдарына 5-июндан тарта аймактар аралык коомдук транспорттун иши жанданарын эске салып, бир облустан экинчи аймакка өтүп жаткан ар бир жүргүнчүнү катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM