Биз менен байланышыңыз

Бүгүнкү «элдик» баатырлар же «эрдик» кантип жаралат?

Блог | 1 Июн 2020 | 1007 | 1

Эх шайлоо, шайлоо…. “Депутат болом”, “Президент болом” дебеген кыргыз кыргызбы?! Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары эле бийик жерде отургусу келет, баары эле бийликке келип, элге “ак кызмат” кылгысы келет. Азырынча “бийлиги жок туруп деле эл үчүн кызмат кылса болору” каныбызга сиңе элек. Балким буга өлкөбүздүн табияты, географиялык абалы себеп чыгар.
Кызыгы, ошол “эл кызматчылары” дайын-дарексиз көрүнбөй жүрүп, анан шайлоого аз калганда “жарк этип” чыга келишет. Аны да дароо жасай койбойт. Адегенде социалдык баракчаларга катталып, кымбат көйнөккө кычыраган галстук байланган, чекчейген сүрөтүн жүктөйт да, түз байланыш деген немеден байма-бай чыгып, тим эле күйүп-бышкан киши көрүнүп, коомдо болуп жаткан окуяларга өзүнүн пикирин билдирип, жогору жакты жерден алып, көргө сала баштайт. Ураан-чакырыктарын уксаң, эл башына ушул киши эле жетишпей жаткандай. Тыңшап көрчү:
– Элдикин элге бергиле!
– Эл эми ойгонду, эл эми алданбайт!
– Жетишет! Биз айтпасак ким айтат!
– Биз эл менен!
– Жегендерди кустурабыз, төлөтөбүз, өлтүрөбүз!
– Эл эми чыдабайт, эл чындык тарапта!
– Биз келечек муун үчүн, биз акыйкат шайлоо үчүн!
Экинчи этапта бир “бечарага” эки кило шекер, беш кило ун берип жаткан сүрөтүн, видеосун жүктөйт. Мунусу: “Мен ушундай кайрымдуу адаммын” деген коңгуроо. Анан Кудай бетин салбасын, көк-кызыл “лайктар” туш-туштан жаап, астына айланып-кагылган, алкаган-мактаган комментарийлер дембе-дем “жазылып” баштайт. Ар ким репост кылып отуруп, акырында “улут лидерине” айланып чыга келет. Албетте, муну социалдык тармактагы “уюшкан командасы” жасаары баарыбызга эле маалым дечи. Непадам, “Ал мындай эмес беле?” – деп, акыйкат кебиңди жазып көрчү, эмелеки “лайк баскыч, комментарий жазгычтар” постуңду ит талаган түлкүдөй тарпып, заматта “улуттун коркунучтуу душманына” айланып чыга келесиң.
“Колдоочулардын” мактоосуна эрдемсип алган тиги аны менен тим калбай, андай “эрдиктерди” биринин артынан бирин жасап кирбей жаны жокпу! Бир видеосунда байкуш итти “ажалдан арачалап” калат, бир видеосунда аксакалды көчөнүн аркы өйүзүнө өткөрүп салат, бир видеосунда эл менен кошо жума намазга барат, айтор, ушинтип элдин көңүлүнө “жагат”.
Беш жыл мурун кайсы кычыкта жүргөнүн жан киши билбейт. Баары эле элдин күчүн колдонуп, өздөрүнүн жеке “максатын” жалпы элдин көз карашы катары таңуулагылары келет. Анын “жалындуу” сөздөрүнө, “комментарий жазгычтардын” мактоосуна арбалган шордуу эл жабыла шайлап берип, “эми өзгөрөрбүз” деп, элейип отуруп калышат.
Таштынбы?! Биздеги “табияттын мыйзамы” ушундайбы, айтор Ак үйдүн астанасын аттады дегиче, баары “өзгөрүп” кетет. Башка өлкөлөр коронавируска каршы вакцина издеп жатат. А биз “кайда жүрсөң да жамаачы шым, жыртык чокоюңду унутпа!” – деген вакцина ойлоп тапсак, өлкөбүздүн келечеги үчүн кыйла пайдалуу болот беле деп коём өзүмчө.
Бийликке келгенден кийин да өзгөрбөгөн саясатчылар эгемендикти алгандан берки тарыхыбызда болгонбу? Болсо кимдер?..
Урматтуу бийликке элдин добушу менен келген байкелер-эжелер, өлкөнү карызга батырып жеп-ичип коюп кете бересиңерби? Сиздерде коркуу сезими, жоопкерчилик, анан сөзүнө туруу деген барбы? “Эмне иш жасалды?” десе, “Аны кылдык, муну кылдык”, – деп, жеке ишкерлер менен чет элдик фонддор кылган иштерди көтөрө чабасыңар. “Баланча пайыз өнүктүк, түкүнчө пайыз өстүк”, – деген “отчетуңарды” түшүнүү үчүн жогорку окуу жайды кайрадан бүтүрүү керек белем! Же жогору жактагылардын билим деңгээли да “жогору” болгондуктан биздин тишибиз өтпөй жатабы? Түшүнгөн киши өңдөнүп, “Өнүгүп жаткан экенбиз”, – деп, кара күчкө болсо да кол чабабыз аргасыз. Баса, “президентим” айтмакчы, аныңар “факты” жүзүндө таптакыр тескери болуп жатпайбы, кашайып!..

Copyright © 2017 Maral FM