Биз менен байланышыңыз

Ыкчам штаб: Шаарлардагы карантиндик посттордогу текшерүүлөр күчөтүлөт

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 571 | 0

Шаар жана облустардын кирүүдөгү санитардык-карантиндик посттордо текшерүү күчөтүлөт. Тийиштүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилгенин Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Санитардык-карантиндик посттор ишин күчтөндүрүүсү зарыл. Өзгөчө көңүлдү Бишкек жана Ош шаарларына буруу керек. Посттордо тепловизор аркылуу температураны өлчөө жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы тууралуу сын айтылууда, — деди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына 5-баскыч алкагында экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандандырууга даярдык көрүү тапшырылды.

Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдердин бардыгы сакталышы керек. Бала-бакчалардын иштеп башташы чоң кооптондурууларды жаратууда, бирок, иштеген жарандарга шарт түзүү үчүн биз мындай чараларга барууга аргасызбыз. Аталган мекемелерде коопсуздук толугу менен камсыздалышын өтүнөм. Аэропорттор ички авиакаттамдарды жандандырууга даяр болушу кажет, — деди Боронов.

Жыйында Бишкек мэри Азиз Суракматов коомдук жайлардагы оору жугузуп алуу учурларынын саны жогорулагандыгына байланыштуу өлкө аймактарынын тургундарынын борборго каттоосу кооптуу болуп саналарын айтты. Буга байланыштуу шаарга каттоону кыскартуу, ага өтө зарыл учурда гана баруу сунушталарын мэр белгиледи.

Өлкө аймагында өзгөчө абал режими иштеп жатат, Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда карантин режими орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM