Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов: Кыргызстанда карантин режими кайра киргизилбейт

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 1984 | 0

Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус пандемиясына байланыштуу карантиндик режим кайра киргизилбейт. Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 29-майда, брифингде суроолорго жооп берип жатып айтты.

Боронов буга чейин бул шаарларга карантин режими киргизилгенин белгиледи.

Көпчүлүк атуулдар мындай эрежелерди сактабай келет. Эгер биз карантиндик эрежелерди так сактасак бүгүнкүдөй абал болмок эмес, — деди биринчи вице-премьер айтты.

Copyright © 2017 Maral FM