Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Москвадагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 1471 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында өтүүчү Улуу Ата Мекендик Согуштун 75 жылдыгына арналган парадга катышат. Бул тууралуу өлкө башчысы журналисттер менен баарлашып жатып билдирген. Бул кабарды президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева маалымат каражаттарына тастыктады.

Парад 24-июнга белгиленген. Коронавирус илдетинин жайылганына байланыштуу бул салтанат жылдырылган болчу.

Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 360 миң адам кеткен. Алардын үчтөн бири кайтып келген эмес. Ал эми 72 кыргызстандык каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Кээ бирлерине бул наам эки ирет ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM