Биз менен байланышыңыз

ӨКМ эскертет: агын сууларга, көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынат

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 674 | 0

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, ата-энелердин жаш балдарга өзгөчө көңүл буруусу талап кылынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарандардын эсине:

— сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
— тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
— сууга мас абалында түшпөңүз;
—  суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаныздар;
— кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
— күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
— үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
— көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

  • Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM