Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Москвадан 372 кыргызстандык учуп келет

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 675 | 0

Бүгүн, 26-майда Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 372 кыргызстандык учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы штаб билдирди.

Аталган каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аял, ошондой эле 2 жашка жете элек бала менен 53 эне жөнөтүлдү.

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалымкат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класс” багытынан орун алган 26 жаран жөнөтүлдү.

Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. Мындан сырткары, Орусиянын өтүнүчү менен бул каттамга 5 орус жараны кошулду.

Аталган авиакаттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушталган Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган жумушчу топтун жыйынында бекитилген.

Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалымкаттар текшерилип, кош бойлуулар катталып, УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.

Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялга учууга уруксат берилген жок, себеби, мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган (учуу үчүн тизмеге жазылган эки кош бойлуу аял каттам учканга чейин көз жарышкан)..

Copyright © 2017 Maral FM