Биз менен байланышыңыз

Москва чектөөлөрдү узартууну пландап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 687 | 0

Коронавирус пандемиясынан улам Москвада коюлган чектөөлөр 31-майдан кийин узартылып, июнь айынын ортосунда жоюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу Москва мэриясындагы булактарга таянып «Открытые Медиа» билдирди.

Президенттик администрация билдиргендей, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп эсептелсе, чектөөлөр 12-июнда, Орусия күнүндө алынып салынат.

Бирок Москва шаарынын мэриясы тиешелүү режим бир аз кийинчерээк, 15-июнда жокко чыгарыларын кабарлайт.

Мэриянын басма сөз катчысы изоляция режимин узартуу күнү ушул жуманын ортосунда жарыяланарын маалымдады. Ал белгилегендей, борбордогу кырдаал май айынын аягында кыймылга коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга жетиштүү эмес.

Эгерде оорунун динамикасы алгылыктуу болсо жана жаңы учурлар катталбаса, июнь айында чектөөлөр алынышы мүмкүн.

Роспотребнадзордун планына ылайык, чектөөлөр акырындык менен алынат. Уюм буга чейин чектөөлөрдү алып салуунун үч баскычтуу планын бекиткен.

1-этапта орусиялыктарга балдары менен көчөдө жүрүүгө жана спорт менен машыгууга уруксат берилет. Чакан дүкөндөр ачылат. Кийинчерээк билим берүү мекемелери жана соода түйүндөрү кайрадан ишин башташат. Бирок, сатып алуучулардын саны боюнча чектөөлөр бар.

25-майга карата Москва шаарында коронавирусту жуктурган адамдардын саны 166 миңден ашты. Алардын ичинен 2034 адам көз жумуп, 53 миңден ашыгы айыгып чыгышкан.

Орусияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 353 миңден ашат.

Copyright © 2017 Maral FM