Биз менен байланышыңыз

«Ливерпуль» — «Атлетико» матчы 41 кишинин өлүмүнө себеп болгону айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 579 | 0

УЕФА Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында «Ливерпуль» менен «Атлетиконун» ортосундагы матч 41 кишинин коронавирустан көз жумушуна себеп болду. Бул тууралуу британдык Sunday Times басылмасы билдирди.

11-мартта Ливерпуль шаарында өткөн матчка 52 миңден ашык күйөрман катышкан жана алардын 3 миңи Испаниядан келген «Атлетиконун» күйөрмандары болгон.

The Sunday Times британ Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги булакка шилтеме берип, «оюнга катышып, алар аркылуу коронавирус жуктуруп алгандардын 41и көз жумду» деп билдирди.

Лондон империал колледжи жана Оксфорд университетинин изилдөөсүнө ылайык, «Ливерпуль» — «Атлетико» матчында Испанияда 640 миңден ашык адам коронавируска чалдыккан. Британияда ошол учурда 100 миңден ашуун адам вирус жуктуруп алган.

Ливерпуль шаарынын мэри Стив Росерамдин пикиринде, «Ливерпуль» — «Атлетико» матчы өтпөшү керек эле. Бул Англиядагы футбол матчтары токтотулганга чейинки акыркы беттеш болгон. 3-2 эсебинде жеңген «Атлетико» эки оюнда 4-2 эсебинде чейрек финалга өттү.

Маалымат үчүн, «Ливерпуль» — Чемпиондор Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү.

Март айында Челтенхэмдеги ат чабышы коронавирустун жайылышына себеп болгон. Улуу Британияда спорттук иш-чараларды өткөрүү коопсуз деп табылгандыктан жарышка 250 миңден ашык адам катышкан. Sunday Times билдиргендей, Челтенхэмдеги ат жарыштары кийинчерээк 37 кишинин коронавирустан өлүшүнө себеп болгон.

Азыркы учурда Улуу Британияда 260 миңден ашуун адамда коронавирус аныкталды. Бул оорудан болжол менен 37 миң британдыктар каза болду. Премьер-министр Борис Жонсон да коронавирус жуктуруп, дарыланып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM