Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда бир суткада 187 адамда Covid-19 аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2020 | 656 | 0

Тажикстанда 23-майга карата 187 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча бирдиктүү улуттук порталга жарыяланган маалыматка таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Бир сутка ичинде адам өлүмү катталган жок. Ал эми өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2738 адамга жетти. Ошондой эле бул илдеттин кесепетинен 44 бейтап көз жумду.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери бар миссиясы өлкөгө келген.

Copyright © 2017 Maral FM