Биз менен байланышыңыз

Күч түзүмдөрүнүн 82 кызматкерине коронавирус жуккан

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 353 | 0

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында коронавирус жуккан жалпы 82 учур катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 82 кызматкердин 33ү айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Ал эми учурда 49у стационарларда дарыланууда.

22-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350гө жетти. Алардын ичинен 949 адам коронавирустан айыгып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM