Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандар 3000ге жакындады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 436 | 0

Өзбекстанда 21-майга карата 11 жаңы коронавирус инфекция катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

«Өзбекстанда 21-май саат 10.00гө карата коронавирустук инфекциянын саны 2950гө (+11) жетти», —  деп айтылат билдирүүдө.

Тастыкталган жаңы учурлардын ичинен алтоо карантинге алынган жарандарда, бешөө чет өлкөдөн келген жарандарда аныкталган (бешөө жүк ташуучу унаалардын айдоочулары).

Учурда Өзбекстанда 565 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен беш кишинин абалы оор. Ошол эле учурда 2372 жаран коронавирустук инфекциядан толук айыгып чыгып, 13 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM