Биз менен байланышыңыз

Европалык иммунизация жумалыгы: 30 миңден ашык бала эмделди

Ден соолук , Коом | 15 мая 2024 | 2556 | 0

Европалык иммунизация жумалыгында өлкө боюнча 30 миңден ашык бала эмдөөдөн өттү. Өнөктүктүн максаты өлкөдө жугуштуу оорулардын алдын алуу чарасы катары эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымат жеткирүү. Бул жумалыкта узак жана ден соолукта өмүр сүрүүгө салым кошкон вакциналарга кеңири жол ачууга чакырыктар айтылат. Өнөктүк 22-апрелден баштап 28-апрелге чейин созулду. Эмдөө жугуштуу оорулардын алууга канчалык жардам берет? 

Бүгүн өлкөдө бир жумага созулган Европалык иммунизация өнөктүгү жыйынтыкталды.

Бул жылы жумалык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Иммунизация боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгын жана Кыргызстандын улуттук эмдөө программасынын 30 жылдыгын белгилөөгө арналган.

Евробиримдиктин, ДСУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги жетектеген кампания эмдөө элдин көпчүлүгүн вакцина менен алдын ала турган оорулардан кантип коргогондугун көрсөттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Анара Мамбетисаева Европалык эмдөө жумалыгынын жүрүшүндө өлкө боюнча 30 миңден ашык бала эмдөөдөн өткөнүн маалымдады.

Анын айтымында, эмдөөнүн логистикасын ЮНИСЕФ мойнуна алган жана алар абдан кылдаттык менен иш алып барышат.

Ал вакцина сапаттуу экенин белгилеп, дүйнө жүзү колдонгон эмдөө Кыргызстанда да жүргүзүлөрүн айтты.

«Жумалык 22-апрелден 28-апрелге чейин болду. 30 миңден ашык баланы эмдөөдөн өткөрдүк. Өсүп келе жаткан балдардын ден соолугун чындоо биздин максат болуп эсептелинет. Мурун чоң аталарыбыз, чоң апаларыбыз безгек оорусуна, оспага каршы вакцина алып келишкен. Убакыттан пайдаланып, жаш ата-энелерге кайрылам. Балдарды эмдөөдөн сөзсүз өткөрүү керек. Бул бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндөгү адамдар алышат. Динге байланыштуу баш тарткандар болуп жатат. Алар менен да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Азыр интернетте да туура эмес маалыматтар абдан көп. Аларга ишенбей, тастыкталган маалыматтарды алып же дарыгерге кайрылыңыздар. Башка өлкөгө кирерде вакцина алуу талап кылынат. Эмдөөнүн эч кимге зыяны жок жана эч ким зыян тарткан эмес».

1974-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан демилгеленген Иммунизация боюнча кеңейтилген программа ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналарга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Акыркы 50 жылда вакциналар дүйнө боюнча миллиондогон адамдын өмүрүн сактап, жугуштуу оорулардын жүгүн азайтты.

Акыркы мезгилде эл аралык уюмдардын колдоосу менен Кыргызстандын улуттук эмдөөлөр календарына бир нече жаңы вакциналар киргизилди.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун  иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова өлкөдө 2007-жылдан бери Европалык эмдөө күндөрү өткөрүлүп келерин белгиледи.

Айтуусунда, бүгүнкү иш-чара аркылуу калкка эмдөөнүн канчалык пайдалуу экенин жеткирүү керек.

«Бүгүн Европалык эмдөө жумалыгына арналган конференция болуп жатат. Бүгүнкү күндүн максаты калктын арасында эмдөөнүн канчалык пайдалуу экенин жеткирүү. Жумалыктын алкагында жаңы конуштарда эмдөөнү убагында барып алалбай жүргөн жарандарга атайын мобилдик топтор уюштурулду. Ал эми эмдөөнүн мааниси боюнча айтсак, эмдөө бул азыркы күндө абдан маанилүү болуп эсептелинет. Анткени учурда унутулуп калган оорулар пайда боло баштады. Азыркы учурда миграция күч алып жаткандыгына байланыштуу, башка жактан жугуп келген оорулар, эмдөө албаган адамдарга коркунуч жаратат. Ал дагы кызамык оорусундай тарап кетиши мүмкүн. Ошол үчүн азыркы учурда эмдөө аябай зарыл болуп эсептелинет».

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Сильви Хилл эмдөө — Кыргызстандагы балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн эле эмес, аман калышы үчүн да эң зарыл чара экенин билдирди.

Иммунолог дарыгер Бактыгүл Жанкойлиева вакцина – оорулардын алдын алууга жардам берерин айтты. Ал эмдөөдөн өткөндөр дагы ооруп калышы мүмкүн экенин белгилеп, аларда оору жеңил өтөрүн кошумчалады.

«Эмдөө жумалыгы канча жылдан бери кайталанып келе жатат. Негизи эле эмдөө жумалыгы болуп турганы жакшы. Европалык эмдөө жумалыгында көбүнчө кызамык жана көк жөтөл оорусуна көңүл бурулууда. Анткени калк арасында көбүрөөк жайылып жаткан убагы. Мына ушул ооруларды алдына алганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ошону менен катар эмдөө алганда болду оорубайт деп айтуудан да алыспыз. Себеби эмдөө алуунун да ыкмалары бар. Убагында алуу керек, оорубаган абалда алуу керек жана башкалар. Ооруган күндө деле оору өлүмгө чейин жеткирбейт, катаалданып кетүүнүн алдына алат, бул да болсо жетишкендик. Акырындык менен ооруларды жеңип келгенбиз, кызамык, көк жөтөл болсун акырындан жеңебиз деген ишеничтебиз».

Буга чейин 2023-жылы өлкөдө кызамыкты жуктурган 7046 учур катталган, ал эми 2024-жылдын апрелине карата кызамыкты жуктургандардын саны 8209га жеткен. Алардын арасынан 37,5%ы ата-энеси эмдөөдөн баш тарткандар экени айтылган.

Өткөн жылы кызамыктан 9 адам каза тапкан. Алардын 8и 1 жаштан 18 жашка чейинки балдар, ал эми бирөөсү бир жашка чейинки наристе болгон.

Copyright © 2017 Maral FM