Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга расмий сапары башталды.
Ал 14-майдын кечинде Бишкекке келди, «Манас» эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Аэропорттогу флагштокторго Кыргыз Республикасынын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.
Сапардын алкагында жолугушуулар пландаштырылган. Анын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат.