Биз менен байланышыңыз

Депутат болууга Ноокат менен Ысык-Көлдөн он талапкер катталды

Кыска кабар | 15 мая 2024 | 433 | 0

Ноокат жана Ысык-Көл шайлоо округдарында 30-июнда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү пландалууда.

Себеби буга чейин Ноокат округунан Жусупбек Коргонбай уулу, Ысык-Көл шайлоо округунан Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоону баштаган.

15-майга карата депутат болууга эки округдан 10 адам талапкерлигин көрсөттү.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча беш адам:

-Бакытбек Марипов 36 жашта, убактылуу иштебейт. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Мариповдун бир тууган иниси. Ал Ноокат районунун акими болуп да иштеген. Буга чейин аталган район боюнча депутаттыкка ат салышып, утулуп калган.

-Айболот Айдосов 1986-жылы туулган. КРСУнун «политология» адистигин аяктап, Кытайдагы Чжян университетинде кытай таануу боюнча магистр даражасын алган.

Борбордук шайлоо комиссиясында, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде басма сөз кызматынын башчысы болуп иштеген.

-Байжигит Мурзакматов туулган 1985-жылы 1-февралда туулган. Ал убактылуу иштебей турганы БШКнын сайтында көрсөтүлгөн.

-Артыкбай Абдывалиев, ишкер. 2021-жылы Ноокат райондук шайлоо округунан шайлоого катышып, аз добуш алып калган.

-Элдар Кудайбердиев, убактылуу иштебейт.

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча

-Атабек Мазымканов 1964-жылы туулган. «Иштерман» муниципалдык ишканасында механик.

-Бактыбек Момбеков 1981-жылы туулган. Убактылуу иштебейт.

-Жакшылык Мукамбетов, «Климат КГ» ЖЧКсынын башкы директору.

-Данир Иманалиев, Ысык-Көл районунун акими болуп иштеген. Андан кийин Ноокат районун жетектеген. 2023-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

-Султан Тентимишев Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM