Connect with us

Казакстан жазында Борбор Азия өлкөлөрүнөн 11 млрд куб метр суу алат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 576 | 0

2025-жылдын апрелине чейин Казакстанга Сырдарыядан 11 млрд куб метр суу убада кылынды. Мындай чечим Ашхабадда өткөн жыйында кабыл алынды, — деп жазат  Vlast.kz басылмасы.

Казакстандын суу чарба жана  ирригация министри Нуржан Нуржигитов Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Кыргызстан бул жыйынга байкоочу катары катышкан.

Планга ылайык, 1-апрелге чейин Шардара суу кампасына керектүү өлчөмдө суу берилип, бул Казакстандын түштүк облустарындагы 2025-жылдагы сугат мезгили үчүн колдонулат.

«86-жолу өтүп жаткан жыйналыштын натыйжалары жакшы деп эсептейм. Айрыкча Кыргызстан менен суу-энергетика тармагында кызматташтык боюнча келишимдер ишке ашырылып, алдыдагы жылдын сугат мезгилинде Бахри-Тажик суу сактагычынан эффективдүү пайдалануу чаралары талкууланды», — деген казак министри.

Мындан сырткары, жыйында Сырдарыя жана Аму дарыядагы суу кампаларынын иштөө нөөмөтү такталган жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыдагы күз-кыш мезгили үчүн сууну камсыздоо лимити бекитилген.

Борбор Азиядагы суу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны 2025-жылдын биринчи чейрегинде Тажикстанда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM