Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрынан тарта Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин өткөрүүгө байланыштуу борбор калаада троллейбус каттамдары токтотулган. Иш-чарага келген делегациялардын коопсуз жана тоскоолдуксуз жүрүүсүн уюштуруу максатында ушундай чечим кабыл алынганы айтылган.
Мэрия масштабдуу иш-чараларды уюштурууда троллейбустар иштен чыгып, жол тыгыны жаралган учурлар буга чейин кездешкенин билдирди.
Ошондой эле бүгүнкү күндө эки троллейбус токтотуучу жайда (депо) Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун эсебинен электр кубаттоочу түзүлүштөрдү орнотуу менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу троллейбустардын кыймылы токтотулду.
Буга чейин троллейбустардын ордуна эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келери маалымдалган.
Бүгүнкү күндө борбор калаада 1200дөн ашык автобус 56 каттам боюнча иштейт. Муниципалдык автобустардын жүрүү аралыгы орто эсеп менен 10 мүнөттү түзөт.
Троллейбус каттамдарынын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилет.