Биз менен байланышыңыз

100 жаштагы ардагер коронавируска каршы күрөшкө 40 млн $ чогулткан 

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 596 | 0

Коронавирус менен күрөшүүгө 32,8 миллион фунт стерлинг (40 миллион доллардан ашык) чогултканы үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Том Мур Британиянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири менен сыйланып, ага рыцарлык даража ыйгарылат.

Бул тууралуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондун кеңсеси билдирди.

-Акча чогултуу боюнча полковник Том тарабынан башталган кампания бүткүл өлкөнү шыктандырды жана үмүт чырагына айландырды. Ушул сонун окуядан таасирленгендердин атынан ага терең ыраазычылык билдирем. Бул адам — ​​улуттун чыныгы байлыгы, — деди Джонсон.

Мурдун кайрымдуулук кампаниясы британ коомчулугунда чоң резонанс жараткан.

Премьер-министр 100 жаштагы ардагерге сыйлык берүүнү жеке өзү суранган. Ал эми Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II анын өтүнүчүн аткарган.

Мурга рыцарлык титулду тапшыруу аземи расмий түрдө аныктала элек, анткени өлкөдө пандемия дале уланууда.

Британияда рыцарлык даража көбүнчө Улуу Британиянын 5-класстагы ордени менен биргеликте берилет. Азыркы учурда Мурга кандай наам ыйгарылары белгисиз, бирок отставкадагы капитан буга чейин полковник болуп дайындалган.

Мур согуш учурунда Индияда жана Бирмада кызмат кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM