Биз менен байланышыңыз

Facebook Өзбекстанда салык төлөй баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 892 | 0

Өзбекстанда дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак Facebook салыктык эсепке кирди. Бул тууралуу өлкөнүн салык комитетинин маалыматында айтылат.

Facebook социалдык тармагына таандык Facebook Technologies Ireland Limited компаниясы тизмеге 19-майда киргизилген.

Өлкөдө кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталган чет элдик интернет компаниялардын  жалпы саны ондон ашты.

Буга чейин Google биринчи кварталда Өзбекстанга 85 миң евро, ал эми Apple 59,2 миң доллар төлөп бергендиги маалымдалган.

2020-жылдан тарта кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды электрондук түрдө сатуу менен алектенген чет өлкөлүк юридикалык жактар сатылган жери Өзбекстан болуп, жеке жактарга көрсөтүлгөн кызматтар салык төлөөчү катары таанылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM