Connect with us

№27 түзөтүү колониясынын үч кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 20 Май 2020 | 470 | 0

№27 түзөтүү колониясында дагы үч кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус буга чейин байланышта болгон төрт кызматкерден чыккан, бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды.

Бардыгы тең лабораториялык жактан тастыкталды. Байланышта болгондор калып калбасын деп бүт бардыгы текшерүүгө алынган. Жаңы жуктуруп алгандар атайын дарылоого алынды. Байланышта болгондор дагы иликтенип жатат, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1270 адамга жетти. Алардын ичинен 910 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM