Connect with us

Азия өнүктүрүү банкы менен атайын операциялар жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 20 Май 2020 | 620 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Макулдашуунун максаты — Ош, Каракол шаарларында, Нарын облусунун айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча чакан иш-чараларды каржылоо саналат.

Макулдашууну ишке ашыруу үчүн финансы каражаттары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 10 млн доллар суммасындагы грант түрүндө берилет.

Copyright © 2017 Maral FM