Биз менен байланышыңыз

Пандемияга каршы чараларды иликтөө боюнча резолюция кабыл алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 476 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Ассамблеясынын 73-сессиясынын катышуучулары коронавирус пандемиясына жооп катары мамлекеттер кандай чараларды көрүп жатканын талап кылган резолюцияны колдошту.

Резолюция пандемияга эл аралык реакцияны мүмкүн болушунча эртерээк бейтарап, көзкарандысыз жана ар тараптуу баалоого ошону менен бирге коронавирус пандемиясына каршы эл аралык аракеттерден алынган сабактарды изилдөөгө үндөйт.

Бирок документте Кытайдын аты айтылган эмес.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна мүчө 194 мамлекет, анын ичинде АКШ резолюцияга каршы чыккан жок.

Документ 100дөн ашык мамлекеттин колдоосу менен Европа бирлигинин кароосуна тапшырылды.

-Эч кандай каршылык жок, коронавирус боюнча резолюция кабыл алынды, — деди 73-сессиянын президенти Кева Бейн.

Өз кезегинде, вирус дүйнө жүзү боюнча жайылып кетти деп айыпталып жаткан Кытай тергөө ишин жактырды, бирок аны пандемия токтогондон кийин жасоо керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM