Биз менен байланышыңыз

Жарганаттардан коронавирустун миңден ашык түрү аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 829 | 0

Ухандагы Вирусология институтунун адиси Ши Чжэнли жарганаттардан 1500гө жакын коронавирустун жаңы түрлөрүн аныктады. Алардын айрымдары келечекте жаңы пандемияны жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Big Picture Science подкасты жазып чыкты.

Илимпоздор жарганаттарды кармап, алардын биологиялык маалыматтарын чогултушкан. Жалпысынан жарганаттардын заңы, шилекейи жана каны анализденди.

Изилдөөчүлөр изилдөө учурунда үлгүлөрдүн 10 пайызында коронавирустун 1500 түрүн аныкташкан. Бул вирустар институтта сактоо үчүн тоңдурулат.

-Бул вирустардын көпчүлүгү адамдарга эч качан жукпайт, бирок кээ бирлери жугушу мүмкүн. Алардын кайсынысы адамдарга жугушу мүмкүн экендигин аныктоо үчүн эксперименттер жүрүп жатат, — деди адис.

Табылган коронавирустардын кээ бирлерине антителолор Кытайдын түштүгүндө жашаган айылдык адамдардын канынан табылды деген божомолдор бар.

Бул SARS-CoV-2 жаңы түрү Ухандан эмес, жарганаттар көп жашаган үңкүрлөрдүн жанындагы айылдардан тараган болушу мүмкүн экени айтылууда.

Адистердин айтымында, өзүлөрүн «көрсөтө элек», бирок келечекте «ачыкка чыга турган» коронавирустардын мынчалык көп санда табылышы — «жай кыймылдаган бомба».

Буга чейин ар кандай коронавирустар үч эпидемияны алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM