Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарынын вице-мэри коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 987 | 0

18-майда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Нарын шаарынын биринчи вице-мэри COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыкта иштерин улантышууда.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-мэр менен контакт болгондордун баары аныкталып, ооруга байланыштуу анализдер алынган.

Бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча коронавирус менен 194 учур катталган. Облус боюнча обсервацияда 126 адам турат, анын ичинен 42си медкызматкер. Байланышта болгондордун саны 1400дү түздү, үй карантининен 545 адам чыгарылып, 664 адам медициналык кароодо турат.

Copyright © 2017 Maral FM