Биз менен байланышыңыз

Украина: Бир суткада 260 адам коронавируска кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 384 | 0

Акыркы сутка ичинде Украинада коронавирус инфекциясынын 260 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу 19-майда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Максим Степанов брифинг учурунда билдирди.

«Акыркы сутка ичинде 260 адам ооруп калды, анын ичинде жыйырма төртү балдар, кырк алтысы медицина кызматкерлери.  107 адам ооруканага жаткырылган. Акыркы сутка ичинде вирустан 13 адам каза таап, 356 адам айыгып чыкты», — деди министр.

Илдетти жуктургандардын жалпы саны 1 8 876га жетип, алардын ичинен 548 бейтап көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM