Биз менен байланышыңыз

Шайлдабекова: Беш жылда шайлоочулардын саны 600 миңге көбөйдү

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 711 | 0

Кыргызстанда беш жылдын ичинде шайлоочулардын саны 600 миң адамга көбөйдү.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинин жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, учурда шайлоочулардын саны 3 миллион 385 миң 680 адамды түзөт.

2015-жылга салыштырмалуу шайлоочулардын саны 600 миң адамга көбөйдү. Учурда биометрикалык маалыматтарды тапшыруу активдүү жүрүп жатат, — деди Нуржан Шайлдабекова.

 

Copyright © 2017 Maral FM