Кыргызстанда беш жылдын ичинде шайлоочулардын саны 600 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинин жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, учурда шайлоочулардын саны 3 миллион 385 миң 680 адамды түзөт.
— 2015-жылга салыштырмалуу шайлоочулардын саны 600 миң адамга көбөйдү. Учурда биометрикалык маалыматтарды тапшыруу активдүү жүрүп жатат, — деди Нуржан Шайлдабекова.