Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан 39 миң жаранын мекенине кайтарды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 334 | 0

Өзбекстан жалпысынан чет өлкөлөрдөгү 39 миң жаранын мекенине кайтарды. Алдыда дагы 12 миң кишинин кайтып келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу өзбек лидери Шавкат Мирзиёев 19-майда видео конференция учурунда билдирди.

-Ооруга каршы күрөшүү менен бирге биз чет өлкөлөрдөгү жарандарыбызга дагы кам көрөбүз. Бүгүнкү күнгө чейин 39 миң мекендешибиз мекенине кайтып келишти. Чет өлкөдөгү оор кырдаалга туш болгон 12 миң кишини кайтаруу үчүн керектүү жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө, — деди Мирзиёев.

Буга чейин Өзбекстан 11-майдан 24-майга чейин мекендештерди өлкөгө  кайтаруу үчүн чартердик учууларды уюштургандыгы кабарланган.

Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин маалыматы боюнча, Орусияда карантиндик чектөөлөр астында жүргөн 65 миңге жакын жаран Өзбекстанга кайтуу үчүн онлайн арыз берген.

Бирок репатриациянын тизмесине аялдар, балдар, ошондой эле дарыланууга муктаж жарандар киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM