Биз менен байланышыңыз

Австралия: Пандемиянын себептерин изилдөө сунушун жүздөн ашык өлкө колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 354 | 0

Австралиянын коронавирустун өрчүшүнүн себептерин көз карандысыз изилдөөгө чакыруусу 110дан ашык өлкө тарабынан колдоого алынды.

Бул тууралуу The Australian басылмасы өлкөнүн тышкы иштер министри Марис Пейнге шилтеме кылып кабарлады.

«Дүйнө пандемиядан келип чыккан кризиске байланыштуу суроолорго жооп алууну каалайт. Бүткүл дүйнө сабак алып, дүйнөлүк саламаттык сактоо системасын коргоодо бардык чараларды көрүшү үчүн көз карандысыз баалоо керек», — деди Пейн.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон иликтөө эч бир өлкөнү күнөөлөө үчүн жүргүзүлбөй турганын билдирди.

«Биз эмне болгонун гана билгибиз келет, мындан кийин мындай болбошу керек», — деди Моррисон.

Канберранын сунушун алгач орусия, Улуу Британия, Индия, Индонезия, Канада, Жаңы Зеландия, Япония жана ЕБга мүчө 27 мамлекет колдоого алган.

Кийинчерээк Африка өлкөлөрү бул сунушка кошулуп, чакырыкты колдогон өлкөлөрдүн санын 116га жетти.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктурган адамдардын саны 4,8 миллиондон ашты. Илдеттен 316 000ден ашуун адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM