Биз менен байланышыңыз

Москвада бир суткада коронавирустан 77 адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 425 | 0

Акыркы суткада Москвада 77 адам коронавирустан көз жумду. Бул — калаада эпидемия башталгандан бери бир күндө каза болгондордун эң көп көрсөткүчү.

Буга чейинки рекорд 15-майда катталып, коронавирустан каза тапкандардын саны 74кө жеткен. Ал эми 16-майда шаарда илдеттен 71 адам көз жумган.

Москвада коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 1 580 адамга жетти. Орусияда коронавирусту жуктургандардын жарымынан көбү Москвага туура келүүдө.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 281,7 миң адам. Алардын 142,8 миңи Москвада аныкталды. Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Москвада 113,8 миң адам коронавирус менен дарыланып, 27,4 миңден ашуун адам айыгып чыккан.

Акыркы 24 саатта Москвада 3 855 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Бир күн мурун  Москва бийлиги шаарда 30-апрелден бери жаңы учурлардын саны эң аз болгонун билдирген: 16-майда шаарда 3 миң 550 жаңы учур катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM